Трамп Коопсуздук кеңешинин Иран боюнча жыйынына төрагалык кылат

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иран боюнча жыйынында төрагалык кылмакчы.

Жолугушуу үстүбүздөгү айда Нью-Йоркто өтөт. Бул тууралуу АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли 4-сентябрда билдирди.

Кеңештеги төрагалык эми Кошмо Штаттарга өттү. Буга чейин Вашингтон кеңеште Тегеранга каршы чараларды сүрөп, бирок ийгиликке жете алган эмес. Хейли жана Трамп Иран Сирия жана Йемендеги согушка аралашууда, терроризмди колдойт, 2015-жылкы өзөктүк келишимдин духун бузууда деп айыптап келишет.

АКШ президенти ал эл аралык макулдашуудан чыгаарын май айында билдирген. Хейлинин айтымында, Трамп 26-сентябрдагы жыйынга төрагалык кылып, Ирандын эл аралык мыйзамдарды бузуп, Жакынкы Чыгыштагы стабилдүүлүктү бузуп жатканына кайрылмакчы.