ДКО-2018: Кыргызстан-Алтай көк бөрү таймашы болбой калды

Кырчын жайлоосу.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн Алтай командасы менен оюну болбой калды. Буга Алтай көк бөрүчүлөрүнүн жарымы оюн талаасына чыкпай койгону себеп болду.

"Азаттыктын" жеке булактарынан алынган маалыматка караганда, Алтай командасынын кээ бир оюнчулары өз өлкөсүнө кетип калган. Ушундан улам аларга техникалык утулуш жазылып, автоматтык түрдө жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды.

Алтай командасы буга чейин Монголияга 1:0 эсебинде утулган.

Ушу тапта көк бөрү таймаштарынын алкагында Казакстан улакчылары Красноярск шаары менен ойноодо. (SDz)