Кырчын: Чүйдүн боз үйүндө илинген ак илбирстин териси боюнча териштирүү башталды

Ак-Суу районунда атылган ак илбирстин териси. 2016-жыл.

Кырчын жайлоосунда Чүй облусунун боз үйүндө илинген ак илбирстин териси кайдан алынганы териштирилет. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Мамлекеттик экотехинспекцияга маалымат берилди, себеби бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жаныбарлар түрүнүн бири. Ал өзгөчө коргоого алынган.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

2-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Ар бир облуска бөлүнүп берилген аянтчада боз үйлөр тигилип, конокторду тосуп жатышат. (RK)