Абылгазиев: Көчмөндөр оюндары менен кошо жергебизге кут түштү

Кырчын жайлоосу.

Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын дүйнөдөгү үч эң маанилүү окуяларынын катарына кирди жана аны менен кошо кыргыз жергесине кут түштү десе болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып билдирди.

Премьер-министр ар бир маданият өз алдынча кайталангыс жана уникалдуу экенин айтып, алардын жуурулушу бири-бирине жагымдуу таасирин тийгизерин, аны байытууга өз салымын кошорун белгиледи.

2-сентябрда башталган Көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 66 өлкөсүнөн жана Орусия Федерациясынын 11 субъектисинен келген өкүлдөр катышууда. Оюндар 8-сентябрда жыйынтыкталат.

«Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына дүйнөнүн туш тарабынан 30дан ашуун чыгармачыл топ келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө. (RK)