Жемкорлордон өндүрүлгөн кезектеги сумма Бирдиктүү эсепке которулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарды иликтөөнүн натыйжасында өндүрүлүп алынган акчанын кезектеги топтолгон суммасы Бирдиктүү депозиттик эсепке которулду. Бул тууралуу Финансылык полиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, которулган сумма 7 миллион 789 миң сомду түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата Депозиттик эсепте топтолгон каражат 158 миллион 575 миңге жетти.

Быйыл июнь айында өкмөт экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акчаны эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү эсеп ачуу, акчаны бөлүштүрүү тартибин бекитүү тууралуу токтом кабыл алган. (RK)