Пакистандын президенти болуп Ариф Алви шайланды

Ариф Алви

Пакистандын мыйзам чыгаруучулары 4-сентябрда жаңы президентти шайлоо үчүн добуш беришти. Анын жыйынтыгына ылайык, башкаруучу “Техрик-и-Инсаф” партиясынын талапкери Ариф Алви президент болуп шайланды.

Мамлекет башчылыкка үч талапкер ат салышты. Ариф Алвиден тышкары оппозициялык Элдик партиядан Чаудри Айтаз жана “Жамаат Улема Ислам" партиясынан Маулана Фазлур Рахман талапкерлигин койгон.

9-сентябрда беш жылдык кызмат мөөнөтү аяктап жаткан, июлдагы парламенттик шайлоодо утулуп калган "Пакистандын мусулмандар лигасы" партиясынын өкүлү Мамнун Хусейн экинчи мөөнөткө президенттикке талапкерлигин коюудан баш тарткан.

Пакистанда президентти парламенттин эки палатасы жана төрт провинциясынын ассамблеясы шайлайт.

Өлкөнүн он үчүнчү президенти болуп шайланган Ариф Алви - июлдагы парламенттик шайлоодо утуп, премьер-министр болгон Имран Хандын мурдатан келе жаткан өнөктөшү. Серепчилер Ариф Алви президент болуп калса, Имран Хан башында турган “Техрик-и-Инсаф” партиясынын бийлиги дагы күчөйт деп болжолдошкон.