Өзбекстанда дин темасында жазган блогерлер кармалды

Кармалган блогерлер.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы эки блогердин кармалышы боюнча расмий түшүндүрмө берди. Көзөмөл органынын маалыматына караганда, ташкенттик блогерлер – Атхам Олимов менен Зиёдулла Кабиров "милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегени жана каршылык көрсөткөнү үчүн" айыптуу деп табылган. Атхам Олимов 15 суткага, ал эми Зиёдулла Кабиров 10 суткага камалган.

Башкы прокуратуранын кабарлашынча, блогерлердин соту 29-августта болгон. Блогер Атхам Олимовдун жакындары ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтпөгөнүн, блогерди үйүнөн кармап кетишкенин билдиришкен.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын жазганына караганда, акыркы кезде Ташкент жана Кокон шаарларында дин темасында жазып жүргөн кеминде эле беш блогер кармалган.

"Булардан тышкары анжияндык блогер Отабек Усманов, кокондук блогер Хуршидбек Мухаммадразиков 15 суткага камалган" деп жазды "Азаттыктын" өзбек кызматы.

Кармалганы кабарланып жаткан ташкенттик дагы бир блогер Миразиз Ахмедов тууралуу азырынча маалымат жок экени айтылган.

Өзбекстанда блогерлерди камакка алуу 25-августта Ташкент облусунун Кибрай районуну тургуну, блогер Шакир Шариповго укук коргоо органдары эскертүү бергенден кийин башталган. Шакир Шарипов Өзбекстандагы социалдык темаларды жазып жүргөн блогер катары белгилүү.