Баглан провинциясынын губернатору Абдулхай Нематинин "Эркин Европа/Азаттык" үналгысына билдиргенине караганда, өкмөттүк күчтөрдүн Нахрин районун кайтарып алуу операциясы 4-сентябрдын таңында аяктады. “Талибан” районду түндө таштап кеткен. Аскердик операция учурунда алты согушкер өлтүрүлүп, 14ү жараат алган. Бир күнгө созулган уруштарда миңдеген адамдар аймакты таштай качкан.
Ал арада ооган күчтөрү кошуна Балх провинциясында да "Талибанга" каршы чабуул жүргүзүп жатат. Согушкерлер Мазари-Шариф шаарынын жанындагы бир канча айылды 2-сентябрда ээлеп алган.
Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Мухаммад Радмаштын 3-сентябрда билдиргенине караганда, алар аймакты жакын арада кайтарып алууга үмүттөнүүдө.
Акыркы мезгилде "Талибан" өз аймагын кеңейтүү үчүн айыл-кыштактарды ээлеп алуу операцияларын жүргүзүп жатат. Ал өткөн айда бир канча аймакты, анын ичинде Газни шаарынын бир бөлүгүн басып алууга жетишкен. Ооган күчтөрү кийин Газни шаарын кайтарып алганын маалымдаган.