Т. Касымбековдун“Сынган кылыч” романындагы баш каармандардын бири Исхак же Полот хан. Ал 1876-жылы февралда колго түшөр алдында, Чаабай тоолорундагы үңкүрдө бир нече күн жашырынат. Бул эмне болгон үңкүр? Ал азыр барбы?
Исхак молдо Хасан уулу. Теги кыргыз. Ал 1873-жылы Кокон ханы Худаярга каршы башталган көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири. Ал 1875-жылы 27-сентябрда Анжыяндын Ботокара кыштагында Полот хан деген ат менен экинчи жолу хан көтөрүлөт. Ушул окуядан соң, тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин жазышынча, “көтөрүлүштүн башында кайрадан чыныгы жетекчи катары Исхак-Полот хан туруп калган.”
Исхак-Төлөгөн Касымбековдун Кыргыз элинин Кокон хандыгы кезиндеги турмушун чагылдырган “Сынган кылыч” тарыхый романындагы баш каармандардын бири да.