Жогорку Кеңештин бешинчи сессиясы ишин баштайт

Жогорку Кеңеш.

Бүгүн парламенттин кезектеги бешинчи сессиясы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 28-июнда IV сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган.

Регламентке ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып аймактарда шайлоочулар менен жолугушаары айтылган.

Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар.

Бешинчи сессия 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын июнуна чейин иш алып барат. (NT)