Кененсариев: Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк интеграцияга жол ачат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда Үчүнчү Көчмөндөр оюндары башталып, дүйнө коомчулугунун көңүлү анын жүрүшүнө бурулуп турган учуру. Ушундан улам көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын тарыхына, азыр өткөрүлүп жаткан мелдештердин миссиясына жана анын жалпы дүйнө элине тийгизе турган таасирине кызыгуу күч. Кыргызстан демилге көтөрүп өткөрүп келаткан оюндардын тарыхта алган орду жана салмагы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев жооп берди.