Амреев: Венгрия кеңешке байкоочу болду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин саммитинде кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди. Жаңы баш катчы Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтө турганын билдирди. Ал Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, "жакын арада толук кандуу мүчө болот" деп ишенерин кошумчалады.