Голландиянын Амстердам шаарында америкалыктарды бычактады деп кармалган, теги ооганстандык 19 жаштагы жигит террорчу деп айыпталууда. Анын соту 3-сентябрга белгиленген.
Полиция айыпталуучунун ысымы Жавид экенин билдирген. Ал 31-августта темир жол бекетинде эки америкалык жаранды бычактады деп кармалган. Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
"Алгачкы териштирүүлөрдөн соң ооганстандык жаран террордук кол салууну пландаганы аныкталды",- деп айтылат расмий кабарда.
Айыпталуучу Германиядан башпаанек алган. Окуядан соң немис полициясы ал жашаган үйдө тинтүү жүргүзгөн. Анын дареги жана тинтүү учурунда кандай далилдер табылганы тууралуу кабарлана элек.