Бишкектеги Кыргыз ислам университетинин окутуучусу, Куранды кырааты менен окуу боюнча эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Зиябидин Атабаев 55 жашында машине сүзүп каза болду.
Маркум советтик доордо Бухарадагы Мир Араб медресесинен билим алган. Кийинчерээк Кыргызстандагы өз үйүн медресеге айланткан.
Ал 1963-жылы Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында төрөлгөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги борбордук жаңы мечитте өтүп, сөөгү Аламүдүн районундагы Восток айылына коюлат.(BCh)