Чынгыз Айтматовдун "Гүлсарат" романын чагылдырган эстелик ачылды

Бактуу-Долонотуда ачылган эстелик. 2-сентябрь, 2018-жыл.

Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" чыгармасын чагылдырган айкел ачылды.

Бул айкел жазуучунун 90 жылдыгына арналып, Орусиянын Свердлов облусунан Кыргызстанга белек катары жасалып келген.

Анын ачылышына Орусиянын Свердлов облусунун эл аралык жана ички экономикалык байланыш министри Валерий Козлов, Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, маданият өкүлдөрү, жазуучулар жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов катышты. (AsM)