Чүй облусунун Лебединовка айылындагы "Арзу" кафесинде чыккан өрттүн себеби такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоодон киши өмүрүнө зыян келтирилген жок.
Кафедеги өрт 2-сентябрда таңга жуук саат 04:30да толук өчүрүлгөн. Өрттөн кафенин болжол менен 2000 чарчы метр аянты күйүп кетти. Чыгымдар тактала элек.
"Арзу" кафесинин имараты күйүп жатканы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 1-сентябрда саат 21:00 чамасы түшкөн. (NT)