Сириянын тышкы иштер министри Валид ал -Муалем 30-августта Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандай кийин билдиргендей, өлкө армиясы Идлиб провинциясында “бардык жолду басып өтөт” жана эң башкы бута - “Ал-Нусра фронту” болот.
“Жабхат ал-Нусра” же “Ал-Нусра фронту” уюму “ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү катары каралып жүрөт. Бирок 2016-жылы ал “ал-Каиданын” Сириядагы макамын жоготуп, атын “Фатих ал-Шам фронту” деп өзгөрткөн.
Сириянын тышкы иштер министри Москвадан өлкө армиясы Идлибге чабуул учурунда жайкын тургундардын өлүмүнө жол бербөө үчүн “колдон келгендин баарын жасай” турганын да белгиледи.
Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы.
Улуттар уюмунун эсебинде, Идлибге чабуулдун “гуманитардык кыйроого” айлануу жана 700 миңге жакын сириялыктын үй-жайынан качууга аргасыз болуу тобокелчилиги бар.
Мындан улам БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Сириянын өкмөтүнө, Орусияга, башка тараптарга кайрылып, сабырдуулукту көргөзүүгө жана “биринчи кезекте жайкын тургундарды коргоого артыкчылык берүүгө” чакырды.
АКШ, Британия, Франция эки күн мурда БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирия бийлигине Идлибге чабуул учурунда химиялык курал колдонбоону, мындай жагдай Батыштын жооп чарасына алып барарын эскерткен.
Буга байланыштуу Сириянын тышкы иштер министри Валим ал-Муалем Москвадан “армияда буга муктаждык жана мындай курал жок” деп ырастады.
Буга чейин Улуттар уюмунун жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун эксперттери Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчуларга чабуул учурунда зарин жана хлор газдарын колдонгонун аныктаган. Бирок Дамасктагы бийлик мындай айыптоолорду четке кагып келет. (UE)