Түркиянын лирасы, өкмөттүк бонддору наркын жоготту

Түрк лирасы АКШ долларына карата жыл башынан бери 40% арзандады.

Түрк лирасы АКШ долларына карата жыл башынан бери 40% арзандады.

Түркиянын доллар менен деноминацияланган бонддорунун же өкмөттүк кагаздарынын наркы шаршемби күнү өткөн соодада кеминде 1% төмөндөдү. Мунун алдында "Moody" эл аралык рейтинг агенттиги Түркиянын 20 каржылык институтунун насыя рейтингдерин төмөндөткөн эле.

Буга тушташ "Reuters" агенттиги кабарлагандай, Түркиянын экономикалык ишеним көрсөткүчү 9% ылдыйлап, 83,9 пунктка түштү. Бул 2009-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Шаршемби күнү эртең мененки соодада Түркиянын улуттук акчасы лира да кайрадан арзандап, бир доллар 6,4 лирага бааланды. Ал эми жыл башынан бери лира 40% кунун жоготту.

Бул арада “Хурриет” басылмасы кабарлагандай, Түркиянын финансы министри Берат Албайрак Түркиянын экономикасы же каржылык системасы үчүн кандайдыр “чоң тобокелчилик” жок деп билдирди.

Түркияда лиранын куну кетишинин жаңы баскычы АКШ 10-августтан тартып бул өлкөдө өндүрүлгөн болотко 50%, алюминийге 20% кошумча бажы салыгын киргизгенден кийинки учурга туш келди.

АКШ Түркиянын төртүнчү ири соода өнөктөшү, ал эми Түркия - АКШ үчүн отуз ири соода өнөктөшүнүн катарына да кирбейт. (UE)