Италияга келген мигранттар туткунда зордукка кабылганын айтып чыгышты

Италиянын Катания шаарындагы порттогу “Diciotti” кемесиндеги африкалык мигранттарды куткаруу учуру.

Бир нече күндөн кийин гана өлкөгө киргизилген африкалык мигранттар Ливияда контрабандисттердин колунда эки жылдай туткунда жатканын айтып чыгышты. БУУнун миграциялык комитетинин кабарлашынча көпчүлүк бозгундар кыйноого жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги жазды.

Августтун ортосунда Италиянын жээгинде 150 мигрант куткарылган. Бирок алар 10 күндөн кийин мигранттарды кабыл алууга Католик чиркөөсүнүн жетекчилиги жана Албания менен Ирландиянын бийликтери макулдук бергенде гана өлкөгө киргизилген.

Дарыгерлердин кароосунда болгон бардык аялдар Ливияда зордуктоого кабылганын билдиришкен. Көпчүлүк африкалык өлкөлөрдүн жашоочулары Ливия аркылуу Жер ортолук деңизи менен Италияга өтүп келишет.

Өткөн аптада “The Guardian” басылмасы мигранттарды киргизүүгө тыюу салган Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвиниге кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын жар салган. Андан мурдараак Италиянын вице-премьери Луиджи Ди Майо эгер мигранттарды Европа өлкөлөрү кабыл албаса Европа биримдигине мүчөлүк акы төлөбөй коюшарын айткан.

Италиянын деңиз жээктерине 2014-жылдан бери 650 миңден ашык мигрант келип түшкөн. (ErN)