Путин менен бийлеген министр сынга жооп берди

Австрия тышкы иштер министри Карин Кнайсль жана Орусия президенти Владимир Путин министрдин тоюнда бийлеп жатышат.

Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль өткөн аптада өткөн өзүнүн үйлөнүү тоюнда орус президенти Владимир Путин менен бийлегени үчүн эл арасында сынга кабылды.

Австриялык радиого интервью берип жатып, министр Кнайсль бул бий болгону сый көрсөтүү экенин айтты:

- Комментарийлерде эл бул бийди кандайдыр бир багынып берүү амалы катары сүрөттөп жатат. Бирок мени билгендердин баары ырастап беришет, мен эч качан багынбайм, - деди Кнайсль.

Кнайсль айым Австриянын бийликтеги коалицияга кирген оңчул популист Эркиндик партиясынан министр болгон. Бул партия Орусияга киргизилген санкцияларга каршы чыгып, Кремлдин “Бирдиктүү Орусия” партиясы менен ачык кызматташып келет.

Австрия – Британиядагы Скрипалдарды ууландыруу окуясынан кийин орус дипломаттарын чыгарбаган Европадагы бир ууч мамлекеттин бири.