Миңдеген киши Молдованын борбор калаасы Кишинёвдо өкмөткө каршы митингге чогулду. Алар миллиардер Владимир Плахотнюктун Демократиялык партиясы баштаган өкмөттүн соңку саясатына нааразы болушту. Эл “Мафия кетсин” жана “Плахотнюкту түрмөгө” деген ураандарды чакырып жатышат.
Митингди европачыл оппозиционерлер уюштуруп жатканы айтылды.
Ушул эле маалда Кишинёвдо дагы эки митинг өтүп жатат. Алардын биринде айдоочулар мунай баасын түшүрүүнү талап кылса, экинчисинде Илан Шор аттуу бизнесмен-саясатчынын колдоочулары концертке чогулуп жатышат.
"Бул эки митинг оппозициянын акциясына болгон көңүлдү башка жакка буруу" деп белгиледи оппозиционер Мая Санду.
Буга чейин батышчыл оппозициянын өкүлү Андрей Нэстасе Кишинёвдун мэрлиги үчүн ат салышып, шайлоодон утуп чыккан. Бирок сот түрдүү себептерден улам анын жеңишин тааныбай, оппозиция элди митингге чыгара баштаган.