Бишкекте алтаистика конференциясы өтөт

Алтайлык шор кыздары.

Бишкекте 27-августта эл аралык алтаистика конференциясы башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, илимий конференцияга катышуу үчүн Франция, Германия, АКШ, Орусия, Казакстан, Жапония жана Түштүк Кореядан окумуштуулар келип жатат.

30-августка чейин уланчу конференцияда алтай маданияты жана тарыхынын акыркы абалы, илимий ачылыштар боюнча пикир алмашуу орун алат.

Былтыр Кыргызстанда Алтай форуму өткөн. Анын жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынып, Алтай цивилизациясы тарыхый- маданий борборун түзүү жана Бишкек шаарында “Алтай цивилизациясын изилдөө институту" эл аралык илимий - изилдөө борборун уюштуруу идеясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү айтылган.

Алтай тектүү элдердин тарыхын, маданиятын, тилин изилдөө иштерин өнүктүрүү үчүн бул форумду жылына Кыргызстанда өткөрүп туруу сунушталган.(BkA)