Болгариянын баш калаасы Софияга жакын жерде туристтерди ташыган автобус жол кырсыгына учурап, 16 адам каза таап, 26 киши жарадар болду.
Болгариянын саламаттык сактоо министри Кирил Ананьевдин айтымында, автобус 25-августта ичиндеги туристтери менен кошо кырсыкка учураган. Окуя болгон жерде дароо эле 15 киши мүрт кеткен, дагы бирөө Софиядагы ооруканага жеткенде үзүлгөн.
Туристтер байыркы монастырды көрүүгө бара жатышкан. Автобус төрт машинеге урунуп барып токтогон. Жүргүнчүлөр Болгариянын чыгышындагы бир айылдын тургундары болгон.
Кырсыктан улам болгар бийлиги 27-августту аза күтүү күнү деп жарыялады. (BCh)