Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмүн кызматкерлери менен чек арачылардын биргелешкен операциясынын алкагында эктремисттик "Хизб ут-Тахрир" уюмунун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
24-августта кармалгандар Түп жана Жети-Өгүз районунун тургундары экени такталды. Алардын үйүн тинтүү учурунда кыргызча, орусча жана арабча экстремисттик багыттагы китептер, баракчалар, фото-видеосу бар дисктер жана USB-флешкалары алынды.
Табылган материалдар жана китептер экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат. (ErN)