Ысы-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык “Issyk-Kul Swim Challenge” жарышына катышууга быйыл алты спортчу макулдук берди. Бул тууралуу мелдешти уюштуруучу “Nomad Sport” массалык спортту өнүктүрүү фондунун өкүлү Арслан Малдыбаев билдирди.
Анын айтымында, катышуучулардын экөө Кыргызстандан, экөө Казакстандан жана дагы экөө АКШдан жазылышты. Алар көлдүн түштүк жээгиндеги Кара-Талаа айылынан түндүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өтүшү керек. Бул аралык жалпысынан 14 чакырымды түзөт.
Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча мелдеш атайын адистердин коштоосунда жүрөт. Жарыш 26-августта болот.
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү жана спортту жайылтууну максат кылган “Issyk-Kul Swim Challenge” үч жылдан бери өткөрүлүп келатат. Былтыр ага төрт киши катышып, кыргызстандык Алмаз Койчиев жеңүүчү болгон. Ал бул аралыкты 4 саат 49 мүнөттө сүзүп өткөн. (ErN)