Ош облусунун Ноокат районунун “Он Эки Бел” айыл округунун жер маселеси боюнча адиси жана жергиликтүү кеңештин депутаты пара алууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Анда айтылгандай, Финансы полициясынын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз жазып, аталган кишилер жер участогун бергени үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акчаны опузалап талап кылып жатканы тууралуу даттанган. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, жер адиси менен депутат өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Фактыга байланышуу Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесине (“Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу”) жана 166-беренесинде ("Алдамчылык") каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (ErN)
Финансы полициясынын оперативдик видеосу: