"Ачык асман алдындагы музыкалык кечтер" долбоору жыйынтыкталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте "Ачык асман алдындагы музыкалык кечтер" долбоору жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Гала-концерт Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт. Ага жергиликтүү белгилүү ырчы, бийчилер катышып, көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартуулашат. Концерт кечки саат алтыда башталат. (RK)