Хакерлер Демпартиянын шайлоочулар базасына кирүүгө аракет кылган

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын бийлик өкүлдөрү хакерлер Демократиялык партиянын улуттук комитетинин шайлоочулар базасына кирүүгө аракет кылганын билдирди. Маалыматка караганда, хакерлердин аракети өз учурунда токтотулуп калган.

Жаңы хакерлик чабуул 2016-жылдагы президенттик шайлоо учурунда "орусиялык хакерлер Демократиялык партиянын электрондук почталарын бузуп кирген" деген окуялардан эки жылдан кийин болуп отурат.

22-августта Демократиялык партиянын жетекчилиги тараткан маалыматта алар жалдаган киберкоопсуздук боюнча компаниянын программасы хакерлик чабуул аракетин байкаган жана 21-августта партия жетекчилигине билдирген. Түмөндөгөн шайлоочулардын базасына кирүүнү көздөгөн хакерлер колдонуучулардын аттарын жана паролдорун топтош үчүн жасалма баракча түзүшкөн.

Киберчабуул койгондордун аракети өз учурунда токтотулган жана алар эч кандай маалымат ала алышкан эмес. Демократиялык партия бул тууралуу дароо Федералдык иликтөө бюросуна (ФБР) кабарлаган. Азырынча бул хакердик чабуулдун артында ким турганы белгисиз.