Кошмо Штаттарда быйыл ноябрда Конгресске өтүүчү шайлоону утурлай ушундай чара көрүлдү. Компаниянын 21-августтагы билдирүүсүнө караганда, ал өчүргөн жана Орусия менен Иранга байланышы бар деп эсептеген 652 аккаунт менен баракча жалган саясий маалыматтарды бөлүшүү жана таратуу менен алек болгон.
"Биз мындай аракеттерге тыюу салабыз, анткени чынчылдык маанилүү. Эл "Фейсбуктан" көргөндөрүнө ишене алгыдай болушу керек", - деди компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг.
Туура эмес жана жалган маалыматтарды таратуу менен алектенген аккаунттар жана баракчалар Иран боюнча үч, Орусия боюнча бир иликтөөнүн натыйжасында аныкталган.
Орусия менен Иран "Фейсбуктун" бул билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.
“Фейсбук” компаниясынын социалдык түйүнү азыр дүйнөдө абдан кеңири колдонулат. Компания аны Орусиянын агенттери АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо саясий таасир көргөзүү багытында ийгиликтүү колдонгонун былтыр моюнга алган. "Фейсбук" ошондон кийин көзөмөлдү күчөттү. Ал арада "Twitter" социалдык түйүнү да Ирандын үгүтүн жайылткан 300дөй аккаунтту жапканын 21-августта жарыялады. (UE/KKS)