Азиада-2018: Кыргызстан 18-орунда

Олимпиадалык шаарчадагы азем.

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын жалпы командалык расмий эмес жыйынтыгында Кыргызстан 18-орунда турат. Кечээ 21-августта, мелдештердин үчүнчү күнүндө Кыргызстан алты медаль (үч күмүш жана үч коло) утту, алардын баары күрөштүн түрлөрү боюнча.

Балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Амантур Исмаилов коло байгеге ээ болушту. Суучул Денис Петрашов 5-орун алды.

Азырынча Азия оюндарындагы командалык көрсөткүчтө Кытай ишеничтүү биринчи орунда келатат. Бул өлкөдө жалпысынан 60 медаль бар, анын ичинен 30 алтын. Экинчи орунду Жапония 47, үчүнчүсүн Түштүк Корея 34 медаль менен ээлеп турушат. Казакстан 13 медаль менен 10-сапта, Өзбекстан 10 медалы менен 11-орунда келе жатат. 18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. Бүгүн 77 кг салмактагы кыргызстандык Акжол Махмудов күрөш килемге чыгат. (SDz)