Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, Кыргызстандагы Казактардын ассоциациясы өз жетекчисин 19-август күнкү кезексиз жыйында шайлаган.
Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы Кыргызстан элинин ассамблеясынын карамагында иштейт. Ага буга чейин саясатчы Эркин Булекбаев төрагалык кылчу. Диаспорада жетекчилик эмне себептен алмашканы айтылган жок. (ErN)