Зариф: АКШнын Иранда “бийликти кулатуу” ниети бар

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф, 24-апрель, 2018-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШны өлкөнүн бийлигин кулатуу максатында "аракеттенген топ" түзүп жатат деп шектенип турганын билдирди. Министр бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Зариф 65 жыл мурун АКШ бийлиги Иранда "эл шайлаган демократиялык өкмөттү кулаткан, эми дагы ошону жасагысы келип жатат" деди.

Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондун Иранга «басымын» координациялай турган демилгелүү топ түзүлөрүн билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп май айында Иран менен дүйнөлүк алты держава жетишкен өзөктүк макулдашуудан чыккан соң Тегеранга каршы санкциялар кайра киргизилээрин жарыялаган.

Мамлекеттик департамент Кошмо Штаттардын максаты – Иранды мунай сатуудан түшкөн кирешеден ажыратуу экенин бышыктаган.

Ишембиде ИРНА агенттиги Тегеран өлкөгө кирип-чыккан чет элдиктердин паспортуна атайын мөөр басууну жоюп салууга камынып жатканын кабарлады. Иран бийлигинин билдиргенине караганда, бул америкалык санкцияларга каршы чара катары киргизилет.