Израил Газа тилкеси менен чектеш жердеги өтмөктү жапты

Газа тилкеси, 30-март, 2018-жыл.

Израил чек аралаш аймактагы нааразылык акцияларынан улам Газа тилкеси менен чектеш жердеги "Эрез" текшерүү-өткөрмө бекетин жапты. Бекет кайрадан качан ачылары белгисиз. Азырынча ал жерден эки тарапка тең медициналык жардамга муктаждар гана өтө алышат.

Израил менен Газа тилкесинин чек арасында эки өткөрмө бекет иштеп жатат. Ал жерден жүк өткөрүүгө гана уруксат берилген.

Жакында Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас аймактагы көз карандысыздыкка жетишүү үчүн өз элин Израил бийлигине "зордук-зомбулуксуз каршылык көрсөтүүгө" үндөгөн.

Ал ошондой эле эгер Вашингтон өз элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге которуу чечиминен баш тартпаса, Палестин автономиясы АКШ менен бардык байланыштарына бойкот жарыяларын билдирген.

30-мартта Газа тилкеси менен Израилдин чек арасында палестиндер "Кайра кайтаруу маршы" деп аталган акцияларды башташкан.

14-майда Иерусалимде АКШнын элчилиги ачылардын алдында нааразылык иш-чаралары күчөгөн. Жаңжал 9-августта кайра жанданган. Газа тилкесинен Израил тарапка 180 ракета атылган. Израил аскерлери ага жооп кайтарып 150 жолу ракетадан сокку урушкан.

Нааразылык акциялары башталгандан бери кеминде 200дөй палестин курман болуп, эки миңге жакыны ар кандай жараат алды. Израил бийлиги бейкүнөө адамдардын канын төгүп жатат деп ХАМАС кыймылын айыптаган.

Былтыр декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылык жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору деп эсептейт. Шаарды азыр Израил толук көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.