Түркмөнстанда эркектердин чачын боёого тыюу салынды

Түркмөнстандын президенти чачына ак аралаган имидж менен коомчулукка көрүнгөндөн кийин Ашхабаддагы чач тарачтарга эркектердин чачын боёого тыюу салынды. Андан тышкары уландардын башына оймо-чийме тартууну токтотуу тапшырмасы берилгенин "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү чач тарачтарга таянып маалымдады. Бирок бул тыюу салуу расмий жарыялана элек.

Мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухаммедов өзү чачын такай боёп жүрөрү айтылат. Ал 2006-жылы ошол кездеги президент Сапармурат Ниязов дүйнө салгандан кийин бийликке келген учурда чачын ак аралаган эле. Бир аз убакыттан соң чачы карайып, ошондон бери түсү өзгөрө элек болчу.

Быйыл августта ал кайрадан ак аралаган чачы менен коомчулукка көрүнө баштады. AFP маалымат агенттиги түркмөн лидери кара чачтан баш тартканы тууралуу жазган.

Бердимухаммедовдун 2007-жылдагы жана 2016-жылдагы сүрөттөрү.