Пашинян: коррупция менен күрөш токтобойт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөдө коррупция менен күрөш уланарын, апта сайын жемкорлукка каршы ийгиликтүү иштер боло берерин айтты. Бул тууралуу Пашинян армян элинин сүрү менен бийлик алмашканынын жүз күндүгүнө карата уюштурулган жүрүштө "Азаттык" радиосунун кабарчысы Али Токтакуновдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.