Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;
Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34;
Ош, Жалал-Абад облустарында 15...20, күндүз 29...34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28 градуска жетет.
Бишкекте 18-августта жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.