Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча "Акун” пансионатына иш козголду (видео)

Уланбек Эгизбаев.

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, иш Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында бүгүн козголду.

Бул иштин алкагында тергөө эки ай жүрөт. Ишти Ысык-Көл райондук милициясы жүргүзөт.

Мындан сырткары, ИИМдин өкүлү Уланбек Эгизбаевге келген бош конверт, телефон чалгандар боюнча учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун билдирүүдө.

Мындан тышкары, экспертиза буга чейин көп суроолорду жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар маркум каза болгондон кийин пайда болгонун белгилеген.