Азия оюндары-2018: Кыргызстандын желеги көтөрүлдү

Олимпиадалык шаарчадагы азем

Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы Олимпиада шаарчасында Кыргызстандын желеги көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Ырысбек Мааткабылов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.

Жергиликтүү спортчуларды олимпиадалык шаарчанын мэри Юни Картика тосуп алды.

Азия оюндарынын алкагында алгачкы оюндар расмий ачылышка чейин эле башталган. Кыргызстандын футбол курамасы 15-августта тайпалык оюнун Малайзия менен өткөрдү. Бул оюн 3:1 эсебинде Малайзиянын жеңиши менен жыйынтыкталды. Бүгүн улуттук курама команданын футболчулары Бахрейн менен ойносо, 20-августта Түштүк Корея менен упай талашат.

18-Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары 28 спорттун түрү боюнча күчтөрүн сынайт. Азия оюндарынын расмий ачылышы эртең 18-августта башталса, оюндар 2-сентябрга чейин өтмөкчү. (SDz)