“Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат берилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 17-августта Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары болот. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттиги кабарлады.

20-июлда долбоорду ишке ашырчу компанияларга сынак жарыяланган. Сынак документтерине кошумча талаптар киргизилгендиктен арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 23-августка чейин узартылган. Жеңип чыккан компания калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо орнотот.

Долбоордун наркы 2 миллиард 552 миллион сомдон ашпашы керек. Каржылоону тендерден уткан компания жүргүзөт, кыргыз өкмөтү компаниядан эреже бузуу тууралуу маалыматтарды сатып алат. (КЕ)