Башкы прокуратура: Тунгышбаев боюнча Казакстандан өтүнүч келе элек

Муратбек Тунгышбаев

Камактагы казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаев боюнча коңшу өлкөдөн эч кандай өтүнүч келе элек. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Жаркынай Азиева “Азаттыкка” билдирди.

- Тунгушбаев боюнча казак тараптан расмий өтүнүч азырынча келип түшкөн жок, - деди Азиева.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы камактагы жарандык активист Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өтүнүч жибергенин анын адвокаты Нурбек Токтокунов айтып чыккан. Адвокат өз булактарына таянуу менен Тунгышбаевге буга чейин тагылган Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 405-беренеси ("Экстремисттик уюмдун ишине катышуу") боюнча айыпты 256-беренеге ("Терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык таштоо") өзгөртүүнү суранганын билдирген.

Токтакуновдун маалыматы боюнча биринчи берене боюнча айыпталуучуну үч жылга чейин соттоо каралса, экинчи берене боюнча казак активисти 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Ошондуктан, жактоочу Кыргызстандын Башкы прокуратурасын казак тараптын суранычын канааттандырбоого чакырган.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Кыргызстан активистти 26-июнда Казакстанга өткөрүп берген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт. (BkA/SE)