Экономист Акенеевдин сөөгү 17-августта жерге берилет

Жумакадыр Акенеев.

Экономист, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө 17-августта коюлат. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Анын тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгек жазган. (BkA)