Ооганстанда "Талибандын" чабуулунан 30дай аскер курман болду

Газни-Кабул кан жолундагы өкмөттүк армиянын аскерлери. 14-август, 2018-жыл.

Ооганстан түндүгүндөгү Баглан провинциясында өткөрмө бекетке коюлган "Талибан" кыймылынын чабуулунан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 30дай аскери курман болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Облустук кеңештин башчысы Мохаммед Сафдер Мохсени 14-августта билдиргендей, согушкерлер шаршембиге караган түнү эки өткөрмө бекетке өрт коюшкан.

Талибдердин өкүлү Забихулла Мужахид кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз кыймылы алаарын билдирди.

Аптанын башында өкмөттүк күчтөр стратегиялык маанидеги Газни шаарын талибдерден дээрлик тазалашканын жарыялашкан.