Москвада 14-августтун кечинде жазуучу Эдуард Успенский 81 жашында узакка созулган оорудан кийин каза болду.
Кийинки жылдары ал төшөктө жатып калганын жергиликтүү басылмалар жазышты. Эдуард Успенский - Крокодил Гена жана Чебурашка, Матроскин мышык, почточу Печкин, Шарик сыяктуу белгилүү каармандардын образын жараткан автор.
Жазуучу жана драматург акыркы убактарда “Союзмультфильм” киностудиясын автордук укукту бузуп жатканы тууралуу сындап жүргөн.