Анталияда консулдук ачылганы тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун өкүлү Азиз Аданов билдирди.
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен Түркиянын Анталия шаарында Стамбулдагы башкы консулдуктун өкүлчүлүгүн ачтык. Азырынча майдан октябрь айына чейин туристтик сезондо кызмат кылабыз. Мындан кийин жарандарыбыз Стамбулга учуп барбай эле Анталия шаарындагы кеңсебизге кайрылса болот.
Буга чейин Түркияда Анкара шаарында Кыргызстандын элчилиги жана Стамбул шаарында башкы консулдук жарандарга кызмат көрсөтүп келген.
Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.
Анталиядагы кыз-келиндердин арасында кафе-ресторандарда официант, үй кызматчы болуп, балдарды карап, кары-картаңдарды багып иштегендер көп.
Бейрасмий маалыматтар боюнча туристтик сезондо Кыргызстандан Анталия шаарына он миңден ашуун кыргыз жарандары келип иштеп кетет. (ElB)
Анталья шаарындагы консулдуктун дареги:
Güzeloba Mahallesi, Havaalanı Caddesi No: 102, A Blok, 07230 Muratpaşa/Antalya, «OFFICE 55».
Тел: +90 242 212 0125
Факс: +90 212 235 9293