АКШнын аскердик бюджети 700 млрд. доллардан ашты

F-35 аскердик учагы.

Президент Дональд Трамп 13-августта Кошмо Штаттардын 2019-жылга карата коргонуу бюджетин 717 млрд. доллар өлчөмүндө бекитти.

"Азыркы бюджет АКШнын куралдуу күчтөрүнө жана алардын аскердик кубатын бекемдөөгө болуп көрбөгөндөй чоң салым кошот" деди Трамп документке кол коюп жатып.

Эл аралык терроризм менен күрөшүүгө 69 млрд., өзөктүк арсеналды жаңылоого 22 млрд. долларга жакын каражат каралган. Ал эми 77 даана F-35 кыргын салуучу учагын сатып алыш үчүн 7,6 млрд. доллар бөлүнгөн.

Пентагондун жаңы бюджетинде Орусия менен аскер кызматташтыгын чектөө да каралган. Анын ичинде "Ачык асман келишиминин" алкагындагы байланыштар орус тарап макулдашуудагы бардык шарттарды аткарып жатканын далилдемейинче токтотулаары айтылат. "Ачык асман" боюнча мунапыс 1992-жылы НАТО жана мурдагы Варшава келишиминдеги мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн. Анын максаты бири-биринин аймагында учуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болчу.

Жаңы бюджетте ошондой эле "Орусиянын Европадагы агрессиясына" каршы туруу максатында Украина менен НАТОдогу өнөктөштөргө аскердик жардамды көбөйтүү жагы да каралган.