Орусияда авиабилеттер кымбаттаганы турат

Орус рубли жана АКШ доллары.

Шаршемби, 15-августтан тартып эл аралык каттамдар үчүн авиабилеттердин баасы 5-7% кымбаттай турганын орусиялык "Авиапорт" порталы эскертүүдө.

Бул орус улуттук акчасынын долларга карата арзандап кеткени менен түшүндүрүлүүдө.

Чет өлкөлүк жана чет өлкөлөргө учкан орусиялык авиакомпаниялардын билеттери рубль менен сатылганына карабай баасы евро же доллар менен бычылат. Аны Эл аралык аба транспорту ассоциациясы жума сайын курска карата бекитип турат.

Бир жума мурда ассоциация бир долларды 63,50 рублга бааласа, 15-августка оогон түнү жаңы курс менен эсептелет.

14-августта Орусия Борбордук Банк бир долларды 68,22 рубль, еврону 77,65 рубль деп эсептеди.

Рубль "америкалык сенаторлор Орусияга карата жаңы чектөөчү чара көрө баштады" деген кабардан кийин алсырай баштаган. АКШ Түркияга санкция салып, лиранын наркын жоготушу да рублге таасир этүүдө.