Бишкек-Ош жолундагы күйүүчү май ташыган автоунаалардын кыймылына чектөө алынды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 13-августта саат 20.00дан тартып кан жолдогу автоунаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу максатында Сосновка жана Арал постторунда май ташыган автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилген.
Бүгүн таңкы саат алтыдан тарта бул чектөө алынды. (BkA)