Тажикстанда тик учак кырсыгынан беш киши өлгөнү ырасталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда жекшембиде болгон тик учак кырсыгынан беш киши каза тапканы белгилүү болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи өлгөндөрдүн арасында үч орусиялык альпинист жана эки тажикстандык (экипаж мүчөлөрү) бар экенин 13-августта билдирди.

Ал тик учактын Памир тоолорунда кырсыкташына начар аба ырайы себеп болушу мүмкүн экенин, кырсыктан учкуч жана дагы 12 альпинист аман калганын кошумчалады.

Буга чейин МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганы, бирок борттогу жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнүн баары аман калганы кабарланып жаткан.

Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, кырсык жекшембиде, жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да, тик учак Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бара жаткан маалда болгон.

Орусиянын Тажикстандагы элчилиги каза тапкандардын арасында орус жарандары бар экенин азырынча тастыктай элек.