Румынияда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган акциялар уланууда

10-августта Бухарестти өткөн демонстрация.

Румыниянын борбору Бухарестте жекшемби күнү миңдеген адамдар кайрадан көчөгө чыгышып, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. 12-августта өкмөттүк имараттардын жанындагы аянтка чогулган эл бийликтеги Социал-демократиялык партияны "коррупцияга жол берди" деп айыптады.

Нааразылык акциясынын үчүнчү күнүндө жабыркагандар тууралуу кабар түшкөн жок. Эки күн мурда полиция демонстранттарга суу бүркүп, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон. Айрым митингчилер полицияга таш, шише ыргытышкан. Натыйжада ал күнү 500дөй адам жабыркаганы кабарланган.

Өткөн жума күнү демонстрацияга чыккан 50 миңдей адамдын көбүн учурда чет өлкөдө жашап жаткан румыниялыктар түзгөн. Акциянын уюштуруучулары аларды өкмөттүн саясатына каршылык көрсөтүүгө чакырган болчу.

Июль айында Социал-демократтар партиясы президент Клаус Иоганнисти коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп келгени айтылып жүргөн прокурор Лаура Кьовешини кызматтан бошотууга мажбурлаган.

2016-жылы бул партия өкмөттүн башына келгенден көп өтпөй коррупция менен камалган адамдардын боштондукка чыгышын шарттаган декрет кабыл алынган. Бул чечим баш калаа Бухарестте 150 миңдей адам катышкан ири демонстрацияга себепчи болгон.