Бурулай бүгүн 20га чыкмак

Маркум Бурулай Турдаалы кызы. Жеке архивинен алынды.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы бүгүн, 11-августта 20 жашка чыкмак.

Ушул күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы экспертизалык комиссиянын төрагасы Эрнис Акунов Бурулайдын денесиндеги тактар боюнча комментарий жарыялады.

Акуновдун белгилешинче, денедеги жазууга окшогон тактар жүрөктү жандандыруучу аппараттан пайда болгон. Маалыматка караганда, экинчи кайталанып жасалган экспертиза 11-июлдан 3-августка чейин болгон. Ага Акуновдон сырткары Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын соттук медицина кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Муканбет Мукашев, дарыгер-реаниматолог, Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Т.Текебаев кирген.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган. Кылмышка шектүү Марс Бөдөшев соттун чечими менен эки айга камалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаган.

Алгачкы жүргүзүлгөн экспертизада "Бурулай окуя болгон жерден жан берген" деп жазылган. Экинчи ирет жүргүзүлгөн экспертизада бул жагдай "ал ооруканада канды көп жоготкону үчүн өлгөн" деп өзгөртүлгөн.

Мындан бир ай мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашгар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угууну тапшырган. Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин айтымында, ал министр менен ушул күнгө чейин жолуга элек.

10-августта кыздын мүрзөсүнө эстелик коюлду. (КЕ)